Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:54
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда 7 айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

05.08.2024 15:30
888
Кыргызстанда 7 айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду


Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 161 млрд 356,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 5,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,6 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 118 млрд 458,7 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын 7 айына салыштырмалуу 19,3 млрд сомго көп.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 42 млрд 897,6 млн сомду түздү же 5 млрд 482,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июль айларында чогултулган суммадан 6,3 млрд сомго көп.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн