Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда 7 медициналык окуу жай жабылат (тизме)

01.04.2022 08:36
689
Кыргызстанда 7 медициналык окуу жай жабылат (тизме)

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жети окуу жайдын №6 формасын (клиникалык базасы жана медициналык жабдуулары тууралуу документ) жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


"Менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базасын анализдөөнүн жыйынтыгында 17 окуу жайдын ичинен сегизинде гана студенттерге практика өтүүгө шарт түзүлгөнү белгилүү болду. Калган тогуз билим берүү жайында шарт анча эмес болсо, кээ биринин бул талапка таптакыр жооп бербей турганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

№6 формасы жокко чыга турган окуу жайлар:


- Ош эл аралык медициналык университети;

- Кыргыз медико-стоматологиялык институт;

- "Роэль Метрополитен университети";

- "Авиценна" эл аралык медициналык институту;

- "АВС" академиясы;

- Бишкек эл аралык медициналык институт;

- Медицина жана илим эл аралык университети.


Мындан тышкары, аталган жети окуу жайга жана №6 формасын албаган Бишкек финансы-экономикалык академиясынын алдындагы "Адам", ошондой эле Илим жана бизнес эл аралык университеттери боюнча чечим кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине билдирме даярдалганы кошумчаланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн