Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда 7 жыл ичинде 77 эстелик тургузуу сунушталды

21.12.2023 13:02
322
Кыргызстанда 7 жыл ичинде 77 эстелик тургузуу сунушталды


Кыргызстанда жети жыл ичинде 77 эстелик тургузуу пландалууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.


Министрлик алар мамлекеттик, коомдук, илим, маданият, адабият ишмерлеринин, Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон, эрдик көрсөткөн адамдардын эстеликтери болорун белгилеген.


77 кишинин арасында Махмуд Кашгари, Чыңгыз Айтматов, Абдылас Малдыбаев, Шабдан баатыр, Аалы Токомбаев, Апсамат Масалиев, Элмирбек Иманалиев, Болотбек Шамшиев жана башка белгилүү инсандар бар. Ошондой эле Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда баатырларча курман болгон жоокерлерге дагы эстелик орнотуу пландалууда.


Монументтер бюджеттин жана демөөрчүлүктүн эсебинен тургузулары кошумчаланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн