Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда 709 миң пенсионер бар

26.08.2021 12:06
412
Кыргызстанда 709 миң пенсионер бар


 Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.


Анын айтымында, 2021-жылдын январь-июль айларында пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 29 млрд 83,3 млн сом өлчөмүндөгү каражат толугу менен каржыланды.


“1-августка карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 709,3 миң адамды түздү. Алардын ичинен 239,5 миң адам же жалпы санынын 34%ы “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алат. Ал эми 469,8 миң адам же 66%ы республиканын банктары аркылуу каражатын алышат”, - дейт ал.


Орозалиев белгелегендей, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалымат тутумун интеграциялоо боюнча талкуулар жүрүп жатат.


“Анын натыйжасында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгекчилерине пенсия чектөө жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт”, - деп айтат Соцфонддун төрагасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн