Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 15:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси мигрант

20.01.2021 12:10
842
Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси мигрант


2020-жылы үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 69 миң 530у тышкы миграцияда, ал эми 15 миң 929у ички миргацияда болгон.

Үймө-үй кыдырып текшерүүдө 3 миң 816 бала бейтааныш, тууганы болбогон адамдарга калтырылгандыгы аныкталды. Бул балдар боюнча иштер жүрүүдө. Бала кандай гана жакшы шартта багылып жатпасын, эгер анын ата-энеси миргацияда жүргөн болсо, ал турмуштук оор кырдаалга кабылган бала деп эсептелет. Биз мыйзам кабыл алууну пландап жатабыз, ага ылайык мигрант расмий камкорчу дайындамайынча өлкөдөн чыга албайт”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн