Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:18
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда «Акылдуу мектеп» долбоору ишке ашат

10.02.2020 14:08
900
Кыргызстанда «Акылдуу мектеп» долбоору ишке ашат


Үстүбүздѳгү жылы ѳлкѳдѳ 10 мектепте «Акылдуу мектеп» долбоору ишке ашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Бүгүн 10-февралда Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана "Альфа Телеком" ("Megacom") ЖАКнын директору Акылбек Жамангулов бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Меморандумга ылайык, министрлик мамлекеттик компания менен бирге "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашырат.

Маалымат боюнча, быйылкы жылы ѳлкѳнүн 10 мектебинде электрондук текшерүү системасы пилоттук режимде киргизилет. Окуучулар мектепке киргенде чип аркылуу текшерүү, атайын билерик же окуучунун жүзүн аныктоочу жабдыктын текшерүүсүнѳн ѳтѳт. Андан тышкары, электрондук күндөлүк менен электрондук журнал жана аралыктан окуу системасы ишке ашат. Тараптар долбоорду ушул жылдын ноябрь айында ишке ашырууну пландап жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн