Кыргызстанда Аль-Фараби университетинин филиалы ачылышы пландалууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчсы Галина Байтерек президенттин Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.
"Казакстан Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, Кыргыз-казак илимий фондун түзүү боюнча талкуу башталып, оозеки келишим түзүлдү. Демилгени ишке ашыруу үчүн өкмөттөр аралык келишим даярдала турган болду",- деди Байтерек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн