Күн мурун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Азербайжандын маданият министринин кеңешчиси Олег Амирбеев менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2025-жылдын апрель айына пландалган Азербайжан Республикасынын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелери боюнча сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ынтымакташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендигин белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн