1-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси (резиденциясы Ташкентте) Саид Матар Аль-Камзи менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда БАЭнин элчилигин ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Ошондой эле жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгына байланыштуу башка суроолор да талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн