Теке 05, 2024
Убакыт: 03:47
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму атындагы чоку пайда болду

02.07.2024 13:46
115
Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму атындагы чоку пайда болду


Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму атындагы чоку пайда болду. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусундабелгилүү болду.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда 159 чоку жана 9959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн саны 1262 чарчы чакырымга азайган.

"БУУга урмат катары, мөңгүлөрдүн көйгөйлөрүнө чоң көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бардык аракеттери үчүн биз чокулардын бирин БУУнун атынан атагыбыз келет. Мен жарлыкка кол койдум", - деди Садыр Жапаров.

Аталган чоку Чолпон-Атадагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн