Баш оона 22, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Кыргызстанда Борбордук Азия лидерлеринин Консультативдик жолугушуусу өтөт

04.07.2022 16:57
632
Кыргызстанда Борбордук Азия лидерлеринин Консультативдик жолугушуусу өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эки өлкө башчылары кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн