Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 33;
Чүй облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Нарын облусунда – 2;
Талас облусунда – 7;
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен
оорудан сакайган дарыгерлердин саны 442ге жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 830 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн