Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 адам коронавирустан улам көз жумду.
Учурда стационарлард 3359 бейтап, ал эми 3814 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1142 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн