Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда COVID-19дан эки адам каза болду

10.06.2020 10:19
1066
Кыргызстанда COVID-19дан эки адам каза болду


Өлкөдө коронавирус илдетинен 61 жана 73 жаштагы жарандар каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде билдирди.


"Чүй облусунда 1959-жылы төрөлгөн Кара-Балта шаарынын тургуну коронавирустан каза болду. Дарылоого Панфилов районун ооруканасына барган учурда андан анализ алынып, коронавирус аныкталган. Эки тараптуу пневмония болуп, андан сырткары кант диабети да бар экен, панкреатит, жүрөк оорулары жана башка дарттары бар экени аныкталган. Ал эми инфекция жукканда ооруну көтөрө албай көз жумду.


Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунда 1947-жылы туулган бейтап каза болду. Ал ооруканага келип түшкөн. анында Жүрөк оорусу, 2чи даражадагы кант диабети жана башка оорулар менен шишиктер басып ооруган. Дем алуу системасы бузулуп бейтапканага түшкөндө андан анализ алынып, вирус аныкталды. Ал жаранда илдеттен каза болуп калды", - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн