Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүүгө түшкөн каражаттарга көзөмөл жүргүзүүчү сайт ишке кирди

16.04.2020 09:58
665
Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүүгө түшкөн каражаттарга көзөмөл жүргүзүүчү сайт ишке кирди


Өлкөдө  help.covid.kg ресуру ишке киргизилип, анда кайрымдуулука келип түшкөн каражаттар жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ресурстагы маалыматтар Финансы министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына келип түшкөн каражаттардын кайда жумшалып жатканын көрүүгө болот.


Азыр ресурста төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылган: 


· Саламаттык сактоо министрлигинин атайын депозиттик эсебине келип түшкөн акча каражаттарынын саны жана аларды бөлүштүрүү; 


· Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын депозиттик эсебине келип түшкөн акча каражаттарынын саны жана аларды бөлүштүрүү; 


· Келип түшкөн жана көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү; 


· Жардамды бөлүштүрүү: Которуулардын негиздери, келип түшкөн кайрымдуулук кимге жана кайда жөнөтүлгөндүгү. 


Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын депозиттик эсебине болжол менен 125 миллион сом келип түшкөн, анын ичинен кошумча төлөмдөргө жана компенсациялар үчүн 4,8 миллион пайдаланылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын депозиттик эсебине божол менен 13,5 миллион сом түшкөн, анын ичинен муктаж үй бүлөлөоргө жардам берүү үчүн болжол менен 4,4 миллион сом бөлүштүрүлгөн. Бишкек мэриясынын атайын эсебине божол менен 2,8 миллион сом түшкөн, анын ичинен атайын жардам берүү үчүн болжол менен 2,5 миллион сом бөлүштүрүлгөн.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн