Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды

Кыргызстанда COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды

Кыргызстанда COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин башчысы Назира Артыкова дүйнөдөгү COVID-19 абалы жана калкты эмдөө процесси тууралуу брифингде айтып берди. 

 

Ал белгилегендей, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда В.1.1.7 (альфа) вариантынын штампы табылган, ал эми июнда В.1.351 (бета) варианты табылып чоң тынчсызданууну жаратууда. 

 

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын калкынын эмдөө камтуусу тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күнгө карата 849 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8% вакцинанын биринчи дозасын, 3,9% экинчи дозасын алган. 

 

Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку жумага салыштырмалуу 40,9% га төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда. 

 

Эмдөөдөн өтүү, физикалык аралыкты сактоо, колду жууш, эл көп жана жабык жайларга барбоо жана беткап кийүү - бул коомчулуктун көпчүлүгүн жаппай оорунун жайылышын алдын ала турган эң эффективдүү карантиндик чаралар. 


ДССУнун максаты - сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10% дан кем эмесин, жылдын аягына чейин 40% дан кем эмесин, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70% эмдөө болуп саналат. Бул пандемияны токтотуу үчүн биз бирге жетишибиз керек болгон маанилүү учурлар. 

 

«Вакциналар варианттардан келип чыккан оор илдеттерге каршы эффективдүү: бирок глобалдык түрдө COVID-19 каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси чечилбесе, варианттар пайда боло бериши мүмкүн», - деп жыйынтыктады Назира Артыкова. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн