Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда Covid-19 жуктурган дарыгерлердин саны 134кө жетти

19.04.2020 10:20
1368
Кыргызстанда Covid-19 жуктурган дарыгерлердин саны 134кө жетти


Кыргызстанда бүгүн, 19-апрелге карата дагы 18 дарыгер Covid-19 инфекциясын жуктуруп алганы тастыкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.


Анын айтуусунда, муну менен жалпы республика боюнча илдетке чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 134тү түздү.


Жаңы катталган дарыгерлердин ичинен Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда – 1, Ош облусунда - 2, Ош шаарында – 4, Нарын облусунда – 3 жана Бишкек шаарында – 4. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн