Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалууда

04.03.2024 14:11
109
Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалууда


Кыргызстанда өткөн аптада КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 6 миң 578 учуру (и.к. 92,7) катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу +20,7%га көп.

“Ооругандардын ичинен 67%ын 14-жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1810 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,6%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,1%, парагрипп 17,2% жана башка вирустар 25,1% түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн