Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт (иш-чаралардын тизмеси)

04.10.2021 10:09
2346
Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтөт (иш-чаралардын тизмеси)



Казак маданиятын даңазалаган маданият күндөрүн Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет. Искусство чеберлеринин концертине СССРдин эл артисти, Казакстан Республикасынын Эмгек баатыры, “Парасат” орденинин кавалери Роза Рымбаева, СССРдин эл артисти жана Казакстан Республикасынын Эмгек баатыры Алибек Днишев, Казакстан Республикасынын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Нурканат Жакыпбай, Секен Турусбек жана Жумабай Шаштайулы жана Адил Ахметов сындуу белгилүү өнөр адамдары, Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театры, Курмангазы атындагы Казак Улуттук эл аспаптар оркестри, “Астана Балет” театры, домбрачылар ансамбли, "Арлан " улуттук каада -салт театры, "Туран" фольклордук -этнографиялык ансамбли жана Мейрамбек Бесбаев, Кенжебек Жанабилов жана Сакен Майгазиев баштаган “МузАрт” эстрадалык тобу жана башка башка белгилүү маданият өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ал эми, маданият күндөрүнүн алкагында “Казак кино күндөрү” өтүп, Казакстан Республикасынын Эмгек Баатыры, СССРдин жана Казакстан Республикасынын эл артисти Асанаалы Ашимов жана «Казак хандыгы. Алмаз кылыч» тасмасынын режиссеру Рустем Абдрашев менен жолугушуулар уюштурулат.    


Маданият күндөрүнүн программасында Казакстан Республикасынын искусство чеберлеринин концерти, казак кино күндөрү, Казакстандын археологиялык артефактары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элиин улуу акыны агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевтин өмүрүнөн алынган А. Жубанов, Л. Хамидинин “Абай операсы” көрсөтүлөт. 

Маалыматка ылайык, Казакстандан 300дөн ашуун белгилүү маданият өкүлдөрү келет.


Толук программа:

7- октябрь, 14:00


Казакстан киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы. 

СССРдин жана Казакстандын эл артисти, Казакстандын Эмгек баатыры Асанаалы Ашымов жана "Казак хандыгы. Алмаз Кылыч " тасмасынын режиссёру Рустем Абдрашев менен жолугушуу өтөт. (“Манас” кинотеатрында)

Ал эми казак кинолору 7-9-октябрь күндөрү "Манас", "Россия", жана "Октябрь" кинотеатрларында акысыз көрсөтүлөт. 


18:00

Казакстан Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий ачылышы, Казакстан искусство чеберлеринин гала –концерти. (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында)


*****


8-октябрь, 14:00


Казакстандын археологиялык экспонаттары жана көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы;

Көргөзмө 8-14—октябрына чейин уланат. (Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде);


15:00

"Туран" фольклордук -этнографиялык ансамблинин концерти, (Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде);


19:00

Казакстан Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий жабылышы, Абай атындагы Казак Улуттук опера жана балет театры тарабынан А. Жубанов, Л. Хамидинин «Абай» операсы көрсөтүлөт.(А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улттук академиялык опера жана балет театрында).


Мындан сырткары, маданият күндөрүнүн алкагында бир катар эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн