Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда Орозо айт жана Курман айт качан болору белгилүү болду

26.12.2023 15:39
595
Кыргызстанда Орозо айт жана Курман айт качан болору белгилүү болду


Кыргызстанда Орозо айт — 10-апрелде, Курман айт 17-июнда болот. Бул туурасында өкмөт тараткан маалыматта айтылды.


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгон.


"2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт, дем алыш майрам күндөрү", — деп айтылган маалыматта.


Буга чейин айттын качан болорун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы айдын чыгышына карап, тактап айтып келген. Бул сапар анын датасы эрте кабарланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Насибахан
Эн соонун