Баш оона 22, 2025
Убакыт: 04:54
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстанда Орозодо чогулган 57 млн сом битир-садака муктаждарга таратылууда

25.04.2024 15:32
468
Кыргызстанда Орозодо чогулган 57 млн сом битир-садака муктаждарга таратылууда


Быйыл Кыргызстанда Орозо айында республика боюнча 57 млн 467 миң 895 сом битир-садака чогулду. Учурда каражаттар муктаждарга таратылууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында битир-садакалар боюнча отчёттук жыйын өткөрүлдү.

Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жуманов маалымдагандай, 2024-жылы жалпы республика боюнча топтолгон битир-садака 57 млн 467 миң сомду түздү.

Анын 60%ы жергиликтүү мечиттерден, 30%ы райондук хатибияттар жана аймактык казыяттардан муктаждарга таратылып жатат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине 10 пайызы келип түштү.

Бул сумма атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаж жарандарга жана жетим-жесирлерге берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн