Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда ПЧР-анализинин санын 100 миң даанага чыгаруу пландалып жатат

26.06.2020 07:16
994
Кыргызстанда ПЧР-анализинин санын 100 миң даанага чыгаруу пландалып жатат

 

Жогорку Кеңештин жыйынында кечээ, 25-июнда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев белгилегендей, аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 10 млн доллары гранттык түрдө, калганы 0,1% менен 40 жылга насыяга алынат.

 

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева коронавирус илдетине кабылган жарандардын медициналык кызматтарга карата айтып жаткан арыздануусуна токтолуп, COVID-19 илдетинин учурдагы абалына тууралуу сурады.

 

Мадамин Каратаев учурда 639 адам стационардык дарылоодон өтүп жатканын маалымдады. "Бизде азыр 56 миң ПЧР-анализ бар. Биз алардын санын 100 миң даанага чыгарууну мерчемдеп жатабыз", - деди ал.  

 

Эльвира Сурабалдиева министрликти кызмат учурунда оору жугузган медициналык кызматкерлерге гана компенсация төлөнөрүн жарандарга түшүндүрүүгө чакырды.

 

Ал эми депутат Акылбек Жапаров каражаттарды натыйжалуу пайдаланууда ар кандай шектенүүлөр болуп жатканын кошумчалап: "Эмнеге 20 млн АКШ долларына 20 оорукана куруп койсо болбойт? Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн мындай сунуш киргизбейт?" - деди. Муну менен катар эл өкүлү дары каражаттары жаатында керектүү көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгына токтолду.

 

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары алынган акчалар товардык-транспорттук каражаттарга, лабораториялык материалдарга, унааларга жана башка керектүү жабдууларга жумшаларын белгиледи.   

 

Талкуудан соң мыйзам долбоорун үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн