Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда СССР паспорту менен жүргөн 5000дей жаран бар

09.06.2020 11:22
1057
Кыргызстанда СССР паспорту менен жүргөн 5000дей жаран бар


Кыргызстанда СССР паспорту менен жүргөн 4993 жаран бар. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Бакыт Конушбаев бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.


Анын айтымында, мындай СССР паспорту менен жүргөндөр жана 18ге чыккандан кийин ар кандай себептер менен ала албай жүргөндөр, ошондой эле чет мамлекетте жүрө берип паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен адамдар жарандыгы жок деп эсептелинет.


Мындай жарандыгы жок адамдар ар кандай категорияларга бөлүнөт. Аларга документ берүү үчүн жарандыгы жок адамдар деген статусту берип, мыйзамга туураланчу. Эми бул  бул статусту алып салып, жашаган жери боюнча жарандыгы жок деген күбөлүк берип, ошонун негизинде паспорт алганга мүмкүнчүлүк түзөлү деп жатабыз”, - деди Конушбаев.


Ал кошумчалагандай, күбөлүктү кайсы орган берет, аны өкмөт чечет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн