Чүй облусунда “Жайыл” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи үрөнчүлүк чарбасынын базасында жаңы жүзүмзарларды уюштуруу башталды.
Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1 гектар аянтка Сербиядан алынып келинген “Мустанг Италия”, “Мустанг Гамбург” жана “Виктория” сортторунун көчөттөрү отургузулду.
Өсүмдүктөрдүн өнүгүшү жана натыйжалуу кам көрүү үчүн отургузуу 1,7×3 метр схемасы боюнча жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, бул аймакта түшүмдүн товардык жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн жогорулатууга багытталган биринчи сербиялык отургузуучу материал болуп саналат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,2% га көбөйдү.
Өсүмдүктөрдүн жалпы аянты азайганына карабастан түшүмдүүлүк гектарынан 12,3 төн 22,6 центнерге чейин жогорулады. Эң чоң өсүш темпи да катталды:
– Ош облусунда - дүң жыйымга карата +74 % ;
– Чүй облусунда 238 тоннага көбөйдү;
– Жалал-Абад облусунда түшүмдүүлүк дээрлик үч эсеге өстү;
– Баткен облусунда түшүмдүүлүк эки эседен ашык өстү.
Белгилей кетсек, жагымдуу агроклиматтык шарттарды жана өсүп жаткан суроо-талапты эске алуу менен жүзүмчүлүк агрардык өндүрүштү диверсификациялоонун келечектүү багыты катары каралат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн