Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда Түркмөндөй хандык орнойбу же парламентаризмди сактап калабызбы?

22.10.2020 12:20
617
Кыргызстанда Түркмөндөй хандык орнойбу же парламентаризмди сактап калабызбы?


Саясатчылардын алпы бүгүн депутаттарга сүйлөгөн жок, жалпы кыргыз элине кайрылгандай болду. Туура жолду эл өзү тандашы керек болот. Дүйнөнүн прогрессивдүү бөлүгү да байкоо салып турат. Артка кетсек, анда парламенттик демократияга ишенгендердин үмүтү биротоло өчөт. Биздин шартта бир-эки жыл эмес, бир айдан кийин эле бир адамдын колун өбө башташат. Андайлар көп. Алар жана алардын балдары президент Акаевден бери эле кол өөп көнүп калышкан. Алар кимдин колу болсо деле өбө беришет - баары бир. Эң негизгиси, ошол кол хандын колу болсо жетиштүү. Өбө берип колду да, ханды да чиритишет. Ооздору иштебей калганча өбүшөт. Баёо кыргыз элим төшүн окко тосуп болсо да, аларга уламдан улам эле жаңы ханды өбө турган жерге олтургузуп бере берет. Алар болсо, эскисин заматта эле сатып, жаңысынын колдорун уулуу шилекейлери менен чирите баштайт. 


Ошенетип, отуз жылдан бери кол өпкүчтөр кызматтан кызматка көкөлөй берип, майлуу-сүттүү жерлердин баарынын кунарын качырышты. Элибиздин жаркын келечекке жетебиз деген үмүттөрү кол өпкүчтөрдүн хан сарайларына, дүкөн-ресторан, жиптерине айланды. Аларды көрүп алып, өппөгөндөр да өбүүнү чечти.  Акыры келип, баары бир өбөт экенбиз, бу парламентти деле өпкүчтөрдүн уюгуна айлантып албайлыбы, деген гениалдуу идеялар чыга баштады. 


Тарыхый күндөрдө жашап жатабыз.  Же биз  ар намыстуу эл катары дүйнөнү дүңгүрөтөбүз, же башыбызды шылкыйтып, кара курсактын кулу болуп беребиз...


Ибраим Нуракун уулу, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн