Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын расмий эсеби 11 миңден ашты. Мындай маалыматты Республикалык СПИД борборунан билдирди.
ВИЧ менен ооругандардын 10 400гө жакыны кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер.
Оору аныкталгандардын 63% эркек, 37% аялдар түзөт.
11 миңден ашуун адамдын 36% маңзатты ийне менен сайынуудан улам, 48,5% жыныстык катнаш аркылуу жугузган.
Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө ушул тапта ВИЧ илдетине чалдыккан 1817 кош бойлуу келин бар. Акыркы үч жылда ВИЧ инфекциялуу 1500 аял көз жарган. Бир жарым жашка чейинки 400гө жакын бала дарыгерлердин каттоосунда турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн