Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда ЖККУнун ири аскердик машыгуусу өтөт

21.05.2021 12:36
2435
Кыргызстанда ЖККУнун ири аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстанда күзүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик машыгуусу болот. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.


Кечээ Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин жана ЖККУнун Башкы штабынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрдүн бөлүктөрү менен "Рубеж-2021" деп аталган биргелешкен машыгуу өткөрүүнү сүйлөшкөн.

Анда иш-чараны өткөрүүнүн негиздери, жетекчиликтин аппараты, ыкчам топтор жана ага тартыла турган мамлекеттердин контингенти талкууланган. Андан сырткары, ар тараптан камсыздоо маселеси да каралган.
Аталган аскердик ири машыгууну Кыргызстанда быйылкы жылдын үчүнчү кварталында өткөрүү пландалууда.

ЖККУга учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Армения мүчө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн