Жетинин айы 25, 2025
Убакыт: 17:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Кыргызстанда адам бычактап, Мадридге качып кеткен жаран экстрадицияланды

22.02.2023 15:26
579
Кыргызстанда адам бычактап, Мадридге качып кеткен жаран экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. “А.Б.” аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасы боюнча КР ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн