Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 1 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 1 адам каза болду. Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1058 адам коронавирустан каза болду.
Ошондой эле, ал өлкөдөгү стационарда 925 бейтап дарыланып жатканын, ал эми 4635 бейтап амбулатордук дарыланууда экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн