Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда алдыңкы спортчулар 75 миң сомдон стипендия алат

13.05.2020 10:35
1309
Кыргызстанда алдыңкы спортчулар 75 миң сомдон стипендия алат


Кыргыз өкмөтү спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында өткөн жылы 103 млн сом бөлүп берди, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылда өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатып.


Анын айтымында, 2 жыл аралыгында 200 спорттук объект салынган, ал эми 1 млрд сомго 128 спорттук объект оңдоодон өткөн.


2019-жылдан баштап алдыңкы спорт чеберлери көбөйтүлгөн стипендияларды ала баштады. Мурда эң көп стипендия 45 миң сом болсо анын көлөмү 75 миң сомго чейин көтөрүлдү. Көптөн бери биринчи жолу айлык акы административдик аппаратында иштегендердики 50 пайызга чейин жогорулады”, - деди өкмөт башчы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн