Бугу 01, 2024
Убакыт: 21:23
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда алгачкы жолу хоккей боюнча 4-дивизиондун дүйнөлүк чемпионаты өтөт

21.02.2022 12:44
800
Кыргызстанда алгачкы жолу хоккей боюнча 4-дивизиондун дүйнөлүк чемпионаты өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.


Анын айтымында, спорттук иш-чара 3-мартта башталып, ага Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия жана Кувейттин курама командалары катышат.

“Чемпионаттын ачылуу аземи 3-мартта кечки саат 19:00дө Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөт. Учурда жогорку деңгээлде даярдык жүрүүдө. Алдыдагы мелдешке конок катары Дүйнөлүк хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф жана хоккей тармагындагы легенда болгон Владислав Третьяк, мекендешибиз жана Хоккей федерациясынын вице-президенти Анвар Оморканов, ошондой эле Германия менен Белорустун хоккей федерациясынын президенттеринин келиши күтүлүүдө”, - дейт ал.

Токтоналиев Кыргызстандын курамасы дүйнө чемпионатында биринчи орунга илинип, 3-дивизионго чыгат деген үмүтүн билдирди.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков хоккей командалардын күчтүүлүгүнө жараша 5 дивизионго бөлүнөрүн айтат.

“Биринчи дивизиондо Россия, АКШ, Канада сыяктуу топ командалар ойнойт. 2019-жылы 4-дивизиондогу дүйнө чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү боюнча билдирүү жибергенбиз. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 2020-жылы бизде өткөрмөй болдук, бирок пандемиядан улам мелдеш кийинки жылга жылдырылды. Эмнеге 4-дивизион, буга чейин үчүнчүдө белек? БАЭде болгон мелдештеги мүчүлүштүктөн улам Дүйнөлүк хоккей федерациясы биз үчүн 4-дивизионун ачкан”, - деп айтат Болотбеков.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменти жарандарды Кыргызстандын курама командасын колдоп, 3-мартта шаардык муз аянтына келүүгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн