Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда алгачкы жолу инсульт мектеби ачылат

29.09.2020 14:00
1013
Кыргызстанда алгачкы жолу инсульт мектеби ачылат

Кыргызстанда алгачкы жолу инсульт мектеби ачылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кыргызстанда жыл сайын 15 000ден ашуун адам инсульт менен жабыркайт, алардын 80%ы өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн жаш кезинде майып болуп калышат!

Кыргыз неврологдордун илимий медициналык  коому жана  КММАнын неврология жана клиникалык генетика кафедрасы  менен биргеликте инсульт менен ооругандар, алардын жакындары жана багуучулары үчүн Кыргызстандагы алгачкы инсульт мектебин ачууда.

Инсульт мектеби эң жөнөкөй калыбына келтирүү ыкмаларын жана туура кам көрүүнү үйрөтүп, бейтаптын жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, инсульт мектеби ZOOM платформасында онлайн режиминде семинар жана баарлашуу түрүндө өткөрүлөт.

Адистер инсульт деген эмне, физикалык реабилитацияны кантип жасоо керек, сүйлөө, эс тутум, ой жүгүртүүнү калыбына келтирүү ыкмаларын көрсөтүп, денедеги жаралар, зонд, катетер, трахеостоманын  гигиеналык жардамын кантип туура жүргүзүүнү түшүндүрүп беришет жана албетте бейтаптарды психологиялык реабилитациялоосу талкууланат.

Инсульт мектеби үчүн бейтаптар жана дарыгерлер колдоно турган веб-сайтты жана мобилдик тиркемени иштеп чыгуу башталды. Ошондой эле бейтаптар үчүн Whatsapp тобу иштеп баштады, ал жакта алдыдагы иш-чаралар жана жаңылыктар жөнөтүлөт. Инсульт мектеби ар ишемби сайын саат 16:00дө ZOOM платформасында өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн