Кыргызстанда 2019-жылы 26 тонна алтын өндүрүлүп, 10 млрд сом салык алынган. Ошону менен бирге өткөн жылдарга салыштырмалуу алтындын көлөмү дагы, наркы дагы өскөн. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кенеште өлкө аймагынан чыгарылып кеткен алтын аралашмаларына карата салык өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
"Демек, салыктын өлчөмү да жок дегенде эки эсеге көбөйүшү керек болчу, бирок андай болгон жок", - дейт депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн