Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда автокатализаторлорду сатууга жана сатып алууга тыюу салуу сунушталды

16.02.2021 16:23
668
Кыргызстанда автокатализаторлорду сатууга жана сатып алууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында автокатализаторлорду сатууга тыюу салмакчы.


Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемесинде айрым учуда кээ бир товарларды сатууну чектөөгө укук бериле турганы айтылат.


Мында абаны зыяндуу заттардан коргогон автокатализаторлор тууралуу сөз болууда.


Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү автоунаанын 80 пайыздайынын катализатору жок же иштебейт. Өкмөт Бишкекте иш маселеси өтө курч турганын эскертти.


Мындан тышкары, катализатордогу палладий дүйнөдө дефицит экени кошумчаланды.


"Курамында баалуу металл бар палладийге болгон суроо-талаптын күчөшү жана баасынын өсүшү катализаторлорду унаадан чыгарып же уурдала башташын шарттайт", — деп айтылат негиздемеде.


Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, чектөөлөрдү экологиялык жана техникалык коопсуздукка жоопкер орган көзөмөлдөшү керек болот. Ал катализатор саткан же сатып алгандарды айыпка жыгуу укугуна ээ.


Айып пулдун көлөмү Эреже бузуулар кодексинин төртүнчү категориясына ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык тараптар үчүн 23 000 сом өлчөмүндө чегерүү каралып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн