Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:38
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузуу фактысы катталган эмес, - министрлик

05.09.2022 17:29
750
Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузуу фактысы катталган эмес, - министрлик


Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сүннөткө отургузуу фактысы катталган эмес. Ошондой эле ооруканаларда мындай операцияларды жасоого тыюу салынган, анткени операциялар аялдардын ден соолугуна зыян келтирип, алардын укуктарын бузат.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, мындай процедуралардын натыйжасында аялда инфекция, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы, этек киринин ооруп келиши, киста, тукумсуздук сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Демек, төрөттүн татаалдашы жана аялдардын өлүмү көбөйөт.

Белгилей кетсек, буга чейин саясий ишмер Феликс Кулов социалдык тармактарда өлкөдө аялдарды сүннөткө отургузуу диний негизде жасалып жатканын айтып, ведомстволордон чара көрүүнү суранган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн