Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөткөндөргө пробация колдонууну жоюу пландалууда

10.10.2023 10:52
198
Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөткөндөргө пробация колдонууну жоюу пландалууда


Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши Селекцияда бычакталган аялдын окуясына байланыштуу жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Элвира Сурабалдиева, жабырлануучунун жакындары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гендердик теңчилик боюнча эксперттер катышты.

Зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү керектигин айткан депутат Динара Ашимова учурда өзгөчө үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулукка шектелип камалгандарды пробация менен бошотууга жол бербей турган мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди.

“Кыргызстанда 11 пайыз гана аял үй-бүлөдө өзүн коопсуз сезет экен. Бул деген абдан кейиштүү жагдай. Жалпы коомчулук жана мамлекеттик түзүмдөрдүн баары биргеликте иштеп, мындай үрөй учурган кылмыштарды болтурбашыбыз керек. Ал эми Селекциядагы окуяга жол берген прокуратура, сот жана башка тиешелүү органдардын ишин да иликтеп чыгуу зарыл”, – деди эл өкүлү.

Жыйынга катышкан жабырлануучу Аселдин туугандары сотторго нааразычылыктарын жашырышкан жок. Кулак, мурду кесилген келиндин таежеси Айнура Катаганова шектүү аны көп жылдан бери коркутуп келгенин айтты.

«Буга чейин судья жана прокурор анын өтүнүчүнө карабай, айыпталуучуну сот залынан бошотуп жиберишкен. Сиңдим ыйлап, соттон жана прокуратурадан аны коргоосун суранган. Бирок алар анын сөзүнө кулак салбай, натыйжада ушул коркунучтуу кылмыш болду. Биздин коомдо аялдарга болгон мамиле ушундай” ,– деди ал.

Соңунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоого багытталган резолюция кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн