Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда айдоочулар эң көп кайсы жол эрежесин бузат?

19.01.2023 09:54
210
Кыргызстанда айдоочулар эң көп кайсы жол эрежесин бузат?

Өткөн жылы жол инспекторлору ичип алып рулга отурган 13 734 айдоочуну аныкташканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.


ЖКККББда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп, анда жол кырсыгын алдын алуу боюнча чаралар талкууланган.


Жалпысынан 2022-жылы инспекторлор жол эрежесин бузуу боюнча 861 378 протокол түзгөн. Ал эми мамлекеттик бюджетке 506 миллион сомдон ашык каражат чогултулган.

Эң көп катталган жол эрежесин бузуулардын рейтинги:

транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу – 301 173 учур;

коопсуздук курун тагынбастан айдоо — 270 121;

көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашкандыгы үчүн — 144 710;

башка жол эрежелерин бузуу — 76 450;

жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузуу – 40 531;

ичип алып автоунаа айдоо — 13 734;

транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок айдоо — 12 397;

автоунаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 1952;

автобейбаштык — 310.

Мындан тышкары, 61 659 автотранспорт ар кандай жол эрежесин бузгандыгы учун айып короосуна коюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн