Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын экспорттоо өсүп, импорт азайган

19.07.2022 15:19
697
Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын экспорттоо өсүп, импорт азайган


Үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейин айыл чарба продукциясын экспорттоо 15 млрд 75,4 млн сомду түздү же 36%га өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын ичинен:

- 2 млрд 608 млн сомго мал чарба продукциялары экспорттолду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп;

- өсүмдүк продукциясынын экспорту 5 млрд 758,8 млн сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу 34,7 %га көп;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын экспорту 6 млрд 708,6 млн сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 14,1%га өстү.

Ошол эле учурда 2022-жылдын январь-май айларында айыл чарба продукциясынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын импортунун үлүшү 11,4%ды түзсө, 2021-жылы бул үлүш 15,6%га жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн