Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда айрым жолдор унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды

13.12.2023 10:59
255
Кыргызстанда айрым жолдор унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды


Бүгүн, 13-декабрдан тарта Кыргызстанда айрым жолдор унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү унаа жолдор бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды:

- Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү;
- Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалан 13-15 км бөлүгү;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк-Ашуусу;
- Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолун тазалап ачып жатышат.

Ал эми төмөнкү жолдордо оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 82 км бөлүгү (Сосновка посту);
- Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык ашуусу.

Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары тарабынан унаа жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

"Аба-ырайынын шартына байланыштуу унаа жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө сөзсүз алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрдү алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн