Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда мунай продуктулары өлкөгө үзгүлтүксүз ташылып, рынокто абал туруктуу.
"Ал эми республикадагы май куюучу жайлардагы баанын өсүшү Россиядагы мунай продуктуларын өндүргөн заводдордогу баанын жогорулашына байланыштуу. Кыргызстандын күйүүчү майга бир жылдык керектөөсү 1,4 миллион тоннаны, суткасына 3,3 тоннаны түзөт. Өлкөдө мунай продуктуларын үч завод өндүрөт, бирок негизги бөлүгү Россиядан алып келинет", — деп жазылат маалыматта.
Күйүүчү майга баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн