Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда баалуулуктардын алмашуу доору келдиби?

18.05.2021 12:58
1138
Кыргызстанда баалуулуктардын алмашуу доору келдиби?


Кыргызстан эли баарынан чарчады. Байлыкка көздөрү тойбогон чоңдордон, үгүт маалында толтура убадаларды берип, парламентке бараары менен аны унуткан депутаттардан, алдындагы кагаздан «эже-леп» окуган чиновниктерден, оппозициядан, хоп-позициядан, олигархтардын чөнтөгүнө түшүп алып «оокат» кылгандардан, жеңил-желпи пиарлардан, жылаңачтанып алгандардан, бетинен бери оронуп алгандардан, күйүп-бышып сүйлөгөндөрдөн, унчукпай эле отургандардан, сырттан алынары менен эле изи жашырылып кеткен кредиттерден, курулай патриотизмден, видеокамераны күйгүзүп алып жардам кылгандардан, жалганчылардан, ушакчылардан, айтор баарынан чарчады. Таң кала турган, кубана турган, тамшана турган эч нерсе калбагандай болду. Баары жасалма. Пандемиядан улам тагынган масканын ичинде «натуральный кожадан» дагы бир маска эбак эле пайда болуп калган. Чындап кубана албайбыз. Чындап кайгыра албайбыз. Куттуктоо сөз айтып жатып, микрофондо же соцтүйүндө «кубанып» коёбуз. Микрофондон алыстаганда эле көралбастык сезимдер ойноп кетет. Маркумду акыркы сапарга узатууда да микрофондо ыйлап, мындай жылаарыбыз менен эле күлүп-жайнап сүйлөшө берчү болдук. Айтор, бардык көрүнүштөрдөн адам баласы чарчай баштады.


Бирок, бул таптакыр үмүтсүздүккө кептелдик дегендик эмес. Тескерисинче адамдык баалуулуктардын бурулуш жасаар доору келип калган сыяктуу. Ушундай үмүттүн шооласы чачырап турат.



Эгемендик алгандан берки 30 жыл ичинде жогорку мамлекеттик эшелондун сапаты кескин начарлады. Бардык критерийлер боюнча. Билимдери тайкы, маданияты төмөн. Мурунку бийликтеги интеллигенция өкүлдөрүнүн ордун коммерсанттар, криминалдык дүйнөгө аралашып калгандар, жеке бизнесинин гана кызыкчылыгын көздөгөндөр дээрлик ээледи. Улам кийинки чакырылыштагы парламенттин деңгээли төмөндөп баратканын байкап жатабыз. Аткаруу бийлигиндеги үлкөн кызматтарга да көчөдөн эле келип калгандар арбын бара баштады. Мындай тенденция башталганына көп эле жылдар өттү. Мындай билимсиздер жана маданияты төмөндөр менен өнүккөн мамлекет курмак тургай, мамлекеттин өзүн жоготуп алышыбыз мүмкүн экенин түшүнө турган убакыт келди сыягы.


Ким кимди акчасы үчүн мактап, жактап, коргоп келаткандарын да эл билип бүттү. Популисттерден, акылдуусунгандардан мамлекетке тыйынчалык пайда жоктугун да түшүндү. Жасалма кайгырып, жасалма кубангандарды да айырмалап калды.


Эми мындай көрүнүштөр терс каармандардын образына айлана турган убак келди. Үмүттүн шооласы ушул жерде жанып турат. Кайрадан билим, маданият, интелектуалдык деңгээл биринчи орунга чыга турган доорго кайтканы калдык деген үмүт турат. Билим, маданият, жогорку интелектуалдык деңгээлге адамдык абийир жуурулушса гана мамлекетибизде жашоо ары кызыктуу, ары шаңдуу жана өнүгүү-өсүү менен коштолот. Андыктан популисттер, билимсиздер, коммерсанттар жана криминалдык чөйрөнүн даамын таткандар өз каалоолору менен эле төрдү бошото турган доор жакындап калды деп ишенип туралы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн