Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанда баары мүмкүн: «Иттин уулу Байгара» да президент болгусу келет

13.11.2020 10:11
559
Кыргызстанда баары мүмкүн: «Иттин уулу Байгара» да президент болгусу келет


Дүйнөлүк держава атыккан, экономикасы толкуп-ташып турган Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызмат орду үчүн шайлоо жакында эле болуп өттү. Ага бар болгону эки гана талапкер катышты. Бири – аракеттеги президент Дональд Трамп, экинчиси Джозеф Байден. Биринчиси Республикалык партиядан, экинчиси Демократиялык партиядан талапкер болду. Ушул жылдын январь айындагы маалыматка таянсак, АКШнын калкынын саны 329 210 630 адам. Ушунча сандагы калкы бар державаны башкаруу үчүн эки гана талапкер ат салышты.

Эми өзүбүздүн Кыргызстанга кайрылалы. 2021-жылдын 10-январында өлкөбүздө президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турганы жарыяланды. Ага ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыргандардын саны бүгүнкү күндө 22ге жетти. Калкыбыздын саны 6 миллиондон ашуун. Американын калкына салыштырмалуу 55 эсеге аз сандабыз. Бирок, президент болгусу келген «тыңчыкмаларыбыз» азырынча эле 11 эсеге көп болуп турат. Талапкерлердин саны дагы да көбөйө турганы түшүнүктүү нерсе. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо «тыңчыкмаларыбыз» 80ден ашып кеткенин билебиз.


Катталган 22 талапкерлердин тизмесин карап отуруп, алардын арасынан мурда-кийин аты-жыты элге таптакыр белгисиздерин да көрө аласыз. Арасында бейөкмөтчүсү да, коммерсанты да, бекерчиси да, куудулу да бар. Бир өлкөнү эмес, бир мекемени тыңгылыктуу жетектей албай тургандыктарын өздөрү деле жакшы билишсе керек. Бирок, амбиция аттын башындай.


Мына ушул көрүнүштүн өзү Кыргызстанда бийликтин кадыр-баркы өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин далилдеп турат. «Мен революция болгон күнү Ала-Тоо аянтында кыйкырып жүргөм, Ак үйгө да чабуул жасап киргем, ошондо силер кайда жүрдүңөр эле?» дегендердин баарын эле үлкөн мамлекеттик кызматтарга дайындай берүү бүгүнкү күндүн кадимки көрүнүшү болуп калды. Демек, жогорку кызматтарга баруу үчүн митингдерди, акцияларды уюштурууда, революцияларда кыйкырык-сүрөөн салууда жакшы тажрыйба топтой алган гана жетиштүү экенин бүгүнкү күн көрсөтүп жатабы? Ал эми ошол тармакты ичинен билүү, анда катардагы кызматкерден тарта тепкич менен көтөрүлүү тажрыйбасынын Кыргызстан үчүн эч кандай зарылчылыгы жок болуп калдыбы? Бир ай, же эки ай бир мекемени жетектей калса эле болду, ар бир үчүнчү кыргыз андан кийин өзүн президент катары көргүсү келе баштайт.


Качан биз өз деңгээлибизди, өз билимибизди, тажрыйбабызды туура баалай ала тургандай болобуз? Качан амбициябызды жөн эле аба менен толтуруудан чегинебиз? Ушинтип баардык нерсени ашыкча «шишитип» отуруп, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп тынбайбызбы? Эсибизде болсун, бүгүнкү күндөгү кыргыз (ата-бабалардын доорундагы кыргыздар эмес) кыргызга гана чоң, кыргызга гана кыйын боло алат. Өзүбүздү өзүбүз укпай калдык. Эртең кайсы бир мамлекеттин карамагына өтүп кетсек, алар каалаган адамын (албетте башка улуттан) алып келип бизди башкартып коет. Ошондо «кың» этип баш көтөрбөй баш ийип берерибиз турган иш. Бүгүнкү биздин аракеттер ошондой багытка гана жетелеп баратат. Эртерээк эсибизге келбесек, эртең бармакты кырча тиштеген менен кеч болот.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кандидаттарды карап туруп келечекке ишеним калбады.