Республика боюнча бала бакчалар 5-июндан тарта иштеп
баштайт. Бул тууралуу биринчи
вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 29-майдагы брифингде айтты.
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан тарта иштей башташат. Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 5-июндан башталышынын себеби, ага чейин иштей турган уюмдардын даярдыгына текшерүү жүргүзүлүп, ар бир уюмга жекече уруксат берилет. Ал эми бала бакчалардын даярдыгы мэрия тарабынан көзмөлгө алынат”, - деди Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн