Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда бала бакчалардын директорлору сынактын негизинде дайындалат

29.05.2024 17:03
199
Кыргызстанда бала бакчалардын директорлору сынактын негизинде дайындалат


Кыргызстанда бала бакчалардын директорлору сынактын негизинде дайындалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, мекеме тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобонун долбоору даярдалган.


«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат. Жобону бекиткен министрлер кабинетинин токтому күчүнө кирген күндөн тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан беш жана андан ашык жыл иштеген жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет», — деп белгилейт Билим берүү министрлиги.


Бош орундарга директорлордун конкурстук тандоосу өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн