Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда “балдар эпидемиясы” барбы? Министрликтин жообу

05.09.2020 11:38
849
Кыргызстанда “балдар эпидемиясы” барбы? Министрликтин жообу

Акыркы күндөрү WhatsApp мессенджеринде Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде массалык түрдө оор абалдагы балдар катталып жаткандыгы тууралуу маалымат тарады. Мындан улам балдарды кабыл алууга ооруканаларда бош орундар жетишсиз экендиги айтылууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөдү.


Министрликтин маалыматына караганда, бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай «балдар эпидемиясы» катталган жок.


Бишкекте COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана №6 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин айтымында, мекемедеги 120 орундун ичинен 42си бош.


Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 орун COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Алардын ичинен 150си бош.


Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 орун даярдалып, анын ичинен 60ка жакыны бош турат.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткарып жаткан Мира Кыдырбаеванын айтымында, облуста балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 орун даярдалган, алардын ичинен 115и бош.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн