Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда балдардын алгачкы онлайн саммитинен фоторепортаж

01.06.2020 16:26
1006
Кыргызстанда балдардын алгачкы онлайн саммитинен фоторепортаж


Бүгүн, 1-июнда өкмөт үйүндө Кыргызстандагы балдардын биринчи онлайн саммити өттү. Үстүбүздөгү жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режимде уюштурулган.

 

Өкмөттүн аппаратынан маалымдашкандай, иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм жана балдар катышты.

 

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин негизги милдети ар бир бала улуу муундун мээримине чулганып, өзүнүн жашоодогу маанилүү ордун сезип, үй-бүлө камкордугуна бөлөнүшүндө турат.

 

«Өкмөт балдар укугунун сакталышын камсыздоого милдеттүү. Ал эми тарбиячылар жана мугалимдер ар бир баланын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүсү кажет. Балдардын укугун сактабастан туруп, өнүкккөн коомду, келечекти куруу мүмкүн эмес. Биздин мамлекетте балдардын жашоосу мазмундуу жана кызыктуу болушу үчүн колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Шаарларда жана райондордо спорт аянтчалары, ден соолукту чыңдоочу комплекстер курулуп, жаңы бала бакчалар жана мектептер ачылып, социалдык коргоо жана балдарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деп билдирди Аида Исмаилова.

 

Ал бүгүн кыргыз өкмөтү ЮНИСЕФ Балдар фонду жана өнөктөштөр менен биргеликте уюштурган Кыргызстандын балдарынын алгачкы онлайн саммитине ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн