Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:05
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда балык кластерине мүчө болгон чарбаларга насыялар берилүүдө

05.02.2024 09:09
417
Кыргызстанда балык кластерине мүчө болгон чарбаларга насыялар берилүүдө


Кыргызстанда балык кластерине мүчө болгон чарбаларга насыялар берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 11 чарба Балык кластердик бирикмесине расмий түрдө мүчө болуп кирген, анын ичинен 3 чарба насыя алды.

Кластерди түзүү максатында Балык чарба департаментинде ассоциациялардын/коомдук бирикмелердин жана балык чарбаларынын өкүлдөрү менен балык кластерин уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча балык чарба субъектилери балык чарба кластерин түзүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле ассоциациялардын/коомдук бирикмелердин жана балык чарбаларынын өкүлдөрү менен Балык кластердик ассоциациясын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн