Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда банк кардарларынын саны 5 миллионго жетти

10.05.2022 14:12
1014
Кыргызстанда банк кардарларынын саны 5 миллионго жетти

Бүгүн, 10-майда, Кыргызстанда банк кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Ага карата Улуттук статистика комитети атайын сандар жана фактылардан турган материал даяргана.


1993-жылдын 10-майында Кыргызстанда өзүнүн улуттук валютасы - кыргыз сому пайда болгон. Дал ошол күн кийин банк тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары түзүлгөн.


Азыркы убакта республиканын банк тутумунда Кыргызстандын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк, алардын 16сы - чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 316 филиалы иш алып барат..


Банк тармагында 17 миңге жакын жумушчулар иштейт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 5 миллионго жетти. 2021-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлинен 9,4% көбөйүү менен 42 миңге жакын сомду түздү.


2021-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5% көбөйүп, 36 млрд. сомду түздү.


2021-жылдын жыйынтыктары боюнча 20 банк пайда алышты, ал эми үч банк чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2020-жылдын деңгээлинен 1,6 эсеге ашып, 4 млрд сом пайданы түздү.


2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде 24% көбөйүп, 358 млрд сомду түздү.


2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 180 млрд. сомду ашып жана 2020-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 11% көбөйдү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека саналган.


2021-жылы жеке жактардын депозиттерине (чыгып кетүү агымын эсепке алуу менен) банктар тарабынан 17 млрд. ашык сом тартылды, бул 2020-жылдагы алардын көлөмүнөн төрттөн бирине көп. Калктын салымдарынын калдыктарынын суммасы 2021-жылдын аягына карата 120 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү жана суммардык активдеринин үчтөн бирине көбүн түзүп, өткөн жылы 17% көбөйдү.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн