Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 12:28
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргызстанда банктарга акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салынат

Кыргызстанда банктарга акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салынат


Кыргызстандын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана калк үчүн санариптик төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти.

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынат.

"Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн