Учтун айы 31, 2025
Убакыт: 00:44
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.875
0.910

Кыргызстанда баштагы шишикти нур менен кактап дарылоо ишке кирди

30.01.2025 13:04
50
Кыргызстанда баштагы шишикти нур менен кактап дарылоо ишке кирди


Кыргызстанда баштагы шишикти нур менен кактап дарылоо ишке кирди. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев “УТРК” телеканалына маегинде билдирди.


Анын айтымында, буга чейин залалсыз шишик операция жолу менен алынып келсе, эми ага негиз жок. Улуттук онкология жана гематология борборунда биринчи жолу шишикти нур менен кактап дарылоо жолго коюлду.


“Баш мээге жасалган операциялардын бардыгы Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө жасалып келчү. Ал жактан операция жасатып анан бизге химия алабыз деп келишчү. Бирок көп учурда мээде пайда болгон метастаздар же шишиктер операциядан кийин деле пайда болуп калган учурлар болгон. Эми бул жабдыкты жакшылап түшүнүп алсак эле, нур менен кактап дарылоо жолу менен шишиктерди такыр жок кылууга болот”, - дейт дарыгер.


Белгилей кетсек, ооруканага нур тездеткич жабдыктар 2021-жылы коюлган. Жабдыкты буга чейин өпкө, ашказан ооруларына колдонуп келишкен. Ал эми жабдыктын баштагы шишикти дарылоо мүмкүнчүлүгүн Кыргызстанда туулуп өсүп учурда Израилде жашаган Игорь Садеткий үйрөтүп, кесиптештерине жол-жобосун түшүндүрүп берген.


“Мындай ыкманы дүйнө жүзү колдонуп жатат. Аталган жабдыктын жардамында эч кандай хирургиялык кийлигишүүсүз, башташы шишикти алууга болот. Шишиктин айланасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бүгүн алгачкы бейтаптын угуу нервиндеги шишикти нур менен кактап дарыладык. Дагы эки жолу кактап дарылагандан кийин ал шишик өспөй калат”, - деп белгиледи Игорь Садеткий.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн